Сумбула айыл өкмөтү башкы, улук административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Сумбула айыл өкмөтү башкы, улук административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн
- жогорку билим;
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
|
|
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
2. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн
- жогорку билим;
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси:
|
|
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Жеке арыз (административдик кызмат орунун тобун көрсөтүү менен);
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Паспорттун көчүрмөсү;
Документтер жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде Сумбула айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кабыл алынат.
Дареги: Андарак айылы Достук көчөсү №151, маалымат алуу үчүн байланыш телефону:
0777008586, 0997008586
Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.