Сумбула айыл өкмөтүндө коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын  5-июнундагы № 137 Жарлыгын ишке ашыруу максатында  Сумбула айыл өкмөтүндө коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025-2027-жылдарга түзүлгөн орто мөөнөттүү  иш план түзүлгөн , аппарат кызматкерлерине  коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча  иш алып баруучу Б.Джанибеков тарабынан  байма бай окутуулар өткөрүлүп, окутуунун негизги максаты кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдерди азайтуу . Кыргыз республикасында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналган коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча 2026-жылдын 24-февралында аппарат кызматкерлери менен биргеликте  Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Д.Хабибуллаевдин  жетекчилигинде , Б.Джанибеков тарабынан тегерек стол уюштурулуп анда кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу чаралары , жоопкерчилик жана укуктук чаралар жонундо баарлашып жыйынтыгында коррупцияга каршы күрөш – бул ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин милдети , ачык айкын иш алып баруу , мыйзам талаптарын сактоо жана жарандардын ишенимин жогорулатуу негизги  максат экендигин Б.Джанибеков эскертип өттү.