2023-10-19 күнү жарыя болгон токтомдор

Кыргыз Республикасы
Баткен областы

Лейлек району
Сумбула айыл аймагынын
айылдык кеңеши
Андарак айылы
Достук кочосу № 151
ОКПО 22493871
ИНН 00906200010219
email : Sumbula01@mail.ru
тел: (0-3663) 6 -00-07

Жекенди айылдык  Кеңешинин иш  планын   бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область

Лейлекский район
Айылный кенеш Сумбулинского
айылного кенеша
село Андарак
ул. Достук № 151
ОКПО 22493871
ИНН 009062
email : Sumbula01@mail.ru
тел: (0-3663) 6 -00-07


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он бешинчи кезектеги сессиясынын

24.02.2023-жыл
Т О К Т О М У № 9/a

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
токтом кылат:

    1. Жекенди  айылдык  Кеңешинин  иш планы  алымча-кошумчасы  менен  бекитилсин.

    2. Айылдык  кеңештин  туруктуу  комиссияларына   жогорудагы  түзүлгөн  иш-чаралардын  өз  убагында  жана  сапаттуу  аткарылышын  камсыз  кылуу   жагы     милдеттендирилсин.

    3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөл  кылууну     Жекенди  айылдык кеңешинин төрагасынын  орун  басары  А.Токтобековго   милдеттендирилсин.       

Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы : :    А. Абдукалилов

БЕКИТЕМИН

Жекенди айылдык  Кеңешинин

                                       төрагасы:___________________        А.А.Абдукалилов

 

Жекенди айыл  кенешинин  2023-жылга карата иш планы

 

Аткарылуучу иштин мазмууну

Аткаруу мөөнөтү

 

Жооптуу кызматчылар

 

Он төртүнчү  сессиясы

 

 

1

 

  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  2022-жылдагы  аткарган иштери  жана   2022-жылдагы жергиликтүү  бюджетинин   аткарылыш  жөнүндө  отчетун угуу

 

январь

Социалдык- экономикалык  өнүугүүнүн  болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссия

2

Жекенди   айылдык     аймагынын  2023-жылга жергиликтүү  бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  ар түрдүү  чыгымдарынын  долбоорун  бекитүү   жөнүндө

январь

Социалдык- экономикалык  өнүугүүнүн  болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссия

3

 Жекенди айыл өкмөтүнүн  жайыт комитетинин  2022-жылдагы аткарган  иштери боюнча  отчету угуу

январь

Социалдык- экономикалык  өнүгүүнүн  болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссия

4

Жекенди  айылдык аймагынын  2023-2027-жылдарга  өнүгүү  пландарын карап чыгуу  жана  кайрадан   бекитүү

январь

    мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссия

 

Он бешинчи  сессиясы

 

 

5

Жекенди  айылдык  аймагынын  жана  айылдык  Кеңешинин   2023-жылга  карата  иш планын  бекитүү жөнүндө

 

 

 февраль

 мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссия

6

Жекенди айылдык кеңешинин регламентин кайрадан бекитүү жөнүндө

февраль

  мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссия

 

Он алтынчы сессиясы

 

 

7

 Жекенди айылдык аймагындагы  негизги  жана ички жолдордун  абалын кароо жөнүндө

март

  өнөр жай. курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика маселелери    боюнча комиссия

8

Кыргыз  республикасынын  Президентинин  талаптарына  ылайык  айыл  чарба  кооперативтерин  уюштуруу  жана  2023-жылга  жер маселелери жана  жазгы  талаа  жумуштарын өткөрүү  жана  малдарды  жазгы  жана  күзгү  жайытка  жайгаштыруу  боюнча  даярдыктар жөнүндө

март

Агрардык маселелер, азык тулук  жана экология, жер  жана  жер реформасы боюнча  туруктуу комиссия

 

9

Жекенди айылдык аймагында  маркумду узатууда,  той аштарды, ырым жырымдарды жана ыксыз чыгымдарды  жөнгө салуу боюнча аксакалдар,  аялдар жана  жаштар кеңештери менен биргеликте иш  алып баруу

март

Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссия

 

Он жетинчи  сессия

 

 

10

Жекенди  айылдык аймагындагы  ветеринардык  сервистердин  аткарып  жаткан  иштерин  кароо  жөнүндө

апрель

 Агрардык маселелер, азык тулук  жана экология, жер  жана  жер реформасы боюнча  туруктуу комиссия

11

 Жекенди айылдык аймагында мыйзамдуулук коомдук  тартиптин сакталышы боюнча ички  иштер бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери  жана Кара-Мык чек ара заставасынын  аткарып жаткан иштеринин  абалы жөнүндө

апрель

 мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясы

12

Ар  турдуу  жугуштуу ооруулардын  алдын алуу, профилактикалык  иштерди  жүргүзүүдө,  айыл аймагынын  калкын медициналык  жактан  тейлөөдө айылдык оорууканалардын  жана  ФАП тардын 6 ай ичинде  аткарган  иштери  жөнүндө.

апрель

Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук , жаштардын иштери боюнча комиссия

 

Он сегизинчи сессия

 

 

13

Жекенди айылдык  кенештин аймагында  базарлардын  иштоосун  тартипке  келтирүү жана  соода  түйүндөрүндөгү, ашканалардагы   сатылып  жаткан азык  түлүк  товарларынын  сапаты,    бааларын  жана  санитардык  абалы  боюнча  кароо  жөнүндө

май

 Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук , жаштардын иштери боюнча комиссия

14

  Жекенди  айылдык аймагына караштуу электр тармактар ишканасынын  аткарган  иштери жөнүндө

 

май

мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын

 

Он тогузунчу  сессия

 

 

15

 

 

 

Жекенди  айылдык кенешинин  аймагында медицина  жана билим берүү  мекемелеринин ремонту жана  окуу  жылына  карата   билим берүү  мекемелринин   даярдыгы жөнүндө

 

август

Социалдык- экономикалык  онугуунун  болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссия

 

16

Жекенди айылдык  аймагынын   2023-жылдын  6  ай  ичинде   жергиликтүү  бюджетинин  жана  атайын каражаттарынын  аткарылышын      жөнүндө

 

 

август

Социалдык- экономикалык  онугуунун  болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссия

 

жыйырманчы   сессия

 

 

17

 Жекенди айылдык кенешинин  аймагында  жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты  начар  үй-бүлөлөргө  социалдык  жактан  жардам  көрсөтүүдө  аткарылган  иштер жөнүндө

сентябрь

Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук ,

жаштардын иштери боюнча комиссия

 

 

 

 Жыйырма биринчи  сессия

 

 

18

Жайыт комитеттеринин аткарып жаткан иштерин кароо  жөнүндө

Ноябрь

Агрардык маселелер, азык тулук  жана экология, жер  жана  жер реформасы боюнча  туруктуу комиссия

19

 Айылдык аймакка  караштуу   билим берүү мекемелеринде  (мектептерде жана  бала  бакчаларда)       билим берүү боюнча  2023-жылдагы  аткарып  жаткан  иштеринин абалы   жөнүндө

ноябрь

Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссия

 

Жыйырма экинчи  сессия

 

 

20

Жекенди айылдык аймагына  караштуу  китеп каналардын жана маданият  кызматкерлеринин  2023- жыл ичинде  аткарып  жаткан иштери  жөнүндө

декабрь

Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук , жаштардын иштери боюнча комиссия

21

 Жекенди айыл өкмөтүнүн  аппарат кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча отчетун угуу

 

декабрь

 мыйзамдуулук,  укук  тартибин  чындоо,  кенештердин  иштери,  депутаттык  этика жана  коомдук  уюмдар  боюнча  туруктуу комиссиясынын

 

 

Айылдык кенешинин   уюштуру  практикалык  иш чаралары

 

Аткарылуучу иштин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу кызматчылар

1

Туруктуу комиссиялардын  жылдык иш планын түзүү

Январь

Айылдык кеңеш

2

Айылдык аймакка практикалык  жардамдарды  көрсөтүп  туруу

Ар дайым

Айылдык кеңеш

3

Айылдык кеңештин аймагында  аксакалдар сотунун, аялдар кеңештеринин  жана  жаштар комитетинин  иштерин активтештирүү  жана  аларды  укук  коргоо  органдары  менен биргеликте иш алып  барышына  көзөмөл жүргүзүү

Ар дайым

Айылдык кеңеш

4

Жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун  иштерин мындан ары  жакшыртуу боюнча  айылдык кенештеги  коомдук  уюмдардын   иштерин  иликтөө  практикалык  жардамдарды  көрсөтүү

Ар дайым

Айылдык кеңеш

5

Райондук «Чон-Алай  жанырыгы»  газетасына  депутаттардын  трибунасы деген атайын   рубрикага  депутаттардын  ишмердүүлүүг ү  боюнча  макалаларды  жарыялоо

Ар дайым

Айылдык кеңеш

6

 Депутаттарды ар турдуу  коомдук  иштерге  тартуу

Ар дайым

Айылдык кеңеш

7

Муниципалдык кызматкерлердин  күнүн  белгилеп, муниципалдык кызматкерлердин  активтүүлүгүн  жогорулатуу

октябрь

Айылдык кеңеш

8

Депутаттардын отчетторун  атуулдар менен өткөрүү

Ар дайым

 Айылдык кеңеш

9

Айылдык кенештин аймагындагы  аз камсыз  болгон үй-бүлөлөргө  жардам көрсөтүү

Ар дайым

Айылдык кеңеш

10

Депутаттык  окууну   уюштуруу

Ар дайым

Айылдык кеңеш

11

Коомдук  активистер  менен  тегерек  столдорду  өткөрүү

Ар дайым

Айылдык кеңеш

 

 

 

 

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин 

                         жооптуу катчысы:                                                                                              Г.Мурзакулова

 

Кыргыз Республикасы
Баткен областы

Лейлек району
Сумбула айыл аймагынын
айылдык кеңеши
Андарак айылы
Достук кочосу № 151
ОКПО 22493871
ИНН 00906200010219
email : Sumbula01@mail.ru
тел: (0-3663) 6 -00-07

Жекенди   айыл өкмөтүнүн   башчысы Б.Нышанбаевдин 21.02.2023-жылдагы № 01-19/47 сандуу катын кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область

Лейлекский район
Айылный кенеш Сумбулинского
айылного кенеша
село Андарак
ул. Достук № 151
ОКПО 22493871
ИНН 009062
email : Sumbula01@mail.ru
тел: (0-3663) 6 -00-07


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын тогузунчу кезектеги сессиясынын

24.02.2023-жыл
Т О К Т О М У № 9

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 21.02.2023-жылдагы № 01-19/47 сандуу катын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын Чекенди-Талаа участкасындагы № 2059 контурундагы коомдук курулуштар эсебиндеги 0,08 га жер аянтыны муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 21.02.2023-жылдагы № 01-19/47 сандуу катын угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кеңеши
токтом кылат:

1.Жекенди айылдык аймагына караштуу  Шибээ айылынын  Чекенди-Талаа участкасындагы  № 2059  контурундагы коомдук курулуштар эсебиндеги 0,08 га жер аянты  муниципалдык менчик деп таанылсын.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү    жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевге жана  жер маселелери боюнча  башкы адис  А.Маматовго   милдеттендирилсин.

 3.Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөл  кылууну     Жекенди  айылдык кеңешинин өнөр-жай курулуш, инвестиция  жана социалдык-экономикалык  өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы  Тажакмат уулу  Имамидинге тапшырылсын.                 

 

Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы : :    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасы
Баткен областы

Лейлек району
Сумбула айыл аймагынын
айылдык кеңеши
Андарак айылы
Достук кочосу № 151
ОКПО 22493871
ИНН 00906200010219
email : Sumbula01@mail.ru
тел: (0-3663) 6 -00-07

Жекенди   айыл   өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевдин  31.03. 2023-жылдагы № 01-19/126  сандуу катын кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область

Лейлекский район
Айылный кенеш Сумбулинского
айылного кенеша
село Андарак
ул. Достук № 151
ОКПО 22493871
ИНН 009062
email : Sumbula01@mail.ru
тел: (0-3663) 6 -00-07



31.03.2023-жыл
Т О К Т О М У № 10

Кара-Мык айылы
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 31.03. 2023-жылдагы № 01-19/126 сандуу катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Жекенди айыл аймагынын Шибээ айылындагы Чекенди-Талаа участкасындагы муниципалдык менчикке таандык № 5-07-03-1004-0263 коду менен катталган 800,0 м.кв. жер аянтын аукцион жолу менен менчикке сатууга уруксат берүү жөнүндөгү сунуш катын угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кеңеши
токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2011-жылдын  23-сентябрындагы  № 571 “Муниципалдык менчикте  турган жер участокторуна  менчик же  ижара укугун берүүнүн  тартиби  жана  шарттары жөнүндө  типтүү жобону  бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Жекенди  айыл  аймагынын Шибээ  айылындагы  Чекенди-Талаа  участкасындагы муниципалдык менчикке  таандык  № 5-07-03-1004-0263  коду  менен  катталган 800,0 м.кв. жер аянтын аукцион жолу менен менчикке  сатууга  уруксат берилсин.

2. Ушул  токтомду  аткаруу  жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн башысы  Б.Нышанбаевге  жана жер маселелери боюнча  башкы  адиси  А.Маматовго  милдеттендирилсин.

3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөл  кылуу жагы   Жекенди айылдык кеңешинин  өнөр жай. курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика маселелери    боюнча комиссиясынын төрагасы  Тажакмат  уулу  Имамидинге жүктөлсүн.

Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы : :    А. Абдукалилов

Кыргыз Республикасы
Баткен областы

Лейлек району
Сумбула айыл аймагынын
айылдык кеңеши
Андарак айылы
Достук кочосу № 151
ОКПО 22493871
ИНН 00906200010219
email : Sumbula01@mail.ru
тел: (0-3663) 6 -00-07

Жекенди айылдык аймагындагы негизги жана ички жолдордун абалын кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Баткенская область

Лейлекский район
Айылный кенеш Сумбулинского
айылного кенеша
село Андарак
ул. Достук № 151
ОКПО 22493871
ИНН 009062
email : Sumbula01@mail.ru
тел: (0-3663) 6 -00-07


Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясынын

06.04.2023-жыл
Т О К Т О М У № 11

Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык аймагындагы негизги жана ички жолдордун абалын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
токтом кылат:

  1. Жекенди  айылдык   аймагына караштуу негизги  жана  ички жолдордун  абалы канааттандырарлык экени белгиленсин.
  2. Жекенди айылдык  аймагына караштуу  негизги жана ички жолдордун  абалын кароо  жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевге  милдеттендирилсин.
  3. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инветиция, энергетика маселелери   боюнча комиссиясынын төрагасы Тажакматов  Имамидинге тапшырылсын.           

Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы : :    А. Абдукалилов