27-ноябрь 2024-жыл. №2
Т О К Т О М
Андарак айылы
Сумбула айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын
депутаттарынын төрага жана төраганын орун басарын
шайлоо жөнүндө.
Сумбула айылдык Кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасы 8030 “Көк-таш” шайлоо участкасынан депутаты Ж.Айдосовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши Токтом кылат : токтом кылат:
-
Сумбула айылдык Кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №1,№2 протоколдору бекитилсин.
-
Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27- ноябрындагы №1 протоколунун негизинде эң көп 10 добуш алган, 8030 Көк-Таш шайлоо участкасынан депутат Кенжебаев Калыкул Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
-
Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №2 протоколунун негизинде эң көп 8 добуш алган,8188 “Андарак -2” шайлоо участкасынан депутат Бобоев Манзар Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.
-
Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын төрагасы жана орун басарына адилеттүү,мыйзамда каралган тартипте иш алып баруу жүктөлсүн.
-
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы: Кенжебаев К.