Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын ТОКТОМУ:
27-ноябрь 2024-жыл. №3
Т О К Т О М
Андарак айылы
“Кезектеги III Элдик курултайга Сумбула айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу , түшүндүрүү иштерин жүргүзүү , жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өткөрүү графигин белгилөө жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 01-13/702 сандуу катын аткарууга алуу менен Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы жана Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сумбула айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги I сессиясы
токтом кылат:
-
Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы К.Кенжебаев жана Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 01-13/702 сандуу катынын негизинде берген билдирүүсү көңүлгө алынсын.
-
Кезектеги III Элдик курултайды чакыруу жөнүндө “Жарлыкка ылайык түзүлгөн Жалпы жобонун негизинде Сумбула айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистеринен төмөнкү курамда Жумушчу тобу түзүлгөндүгү көрсөтүлсүн
-
Кенжебаев К. - Айылдык кеңешинин төрагасы , жумушчу топтун төрагасы.
-
Саматов А. – Айылдык кеңештин депутаты , жумушчу топтун мүчөсү.
-
Кожокулов А. Айылдык кеңештин депутаты , жумушчу топтун мүчөсү.
-
Фахридинов Д. – Айылдык кеңештин депутаты , жумушчу топтун мүчөсү.
-
Майдинова А. – Айылдык кеңештин депутаты , жумушчу топтун мүчөсү.
-
Юлдашева Л. – Айылдык кеңештин депутаты , жумушчу топтун мүчөсү.
-
Кадыров А. – Искра айылынын айыл башчысы , жумушчу топтун мүчөсү.
-
Майдинов Н. – Сары –дөбө айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү.
-
Исматиллаев А. – Көк-таш айылынын айыл башчысы , жумушчу топтун мүчөсү.
-
Рахимов Р. – Андарак айылынын а/б милдетин аткаруучу , жумушгчу топтун мүчөсү.
-
Батыров Б. – Айылдык кеңештин депутаты , жумушчу топтун мүчөсү.
-
Сумбула айыл аймагынын айылдарында Кезектеги III Элдик курултайга делегаттарды шайлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чогулуштарды өткөрүү графике ылайык өткөрүлсүн.
-
Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сумбула айыл өкмөтүнүн администрациясына жана Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы К.Кенжебаевге тапшырылсын
Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы: Кенжебаев К.
Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын ТОКТОМУ:
27-ноябрь 2024-жыл. №4
Т О К Т О М
Андарак айылы
Сумбула айыл өкмөтүнүн алдындагы “Сумбула кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын” жетекчиси У.Жээнмуратовдун таза суунун тарифи боюнча жалпы элдик чогулуштун протоколу жөнүндө
Сумбула айыл өкмөтүнүн алдындагы “Сумбула кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын” жетекчиси У.Жээнмуратовдун таза суунун тарифи боюнча жалпы элдик чогулуштун протоколу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
-
Сумбула айыл аймагында таза суунун тарифи боюнча жалпы элдик чогулуштун протоколу бекитилсин .
-
Сумбула айыл өкмөтүнүн алдындагы “Сумбула кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын” жетекчиси У.Жээнмуратовдун билдирүүсүндөгү таза суунун тарифи элдик протколдун негизинде 1м3 на 20 сом өлчөмү бекитилсин.
-
Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө Сумбула айыл өкмөтүнө жана Сумбула айыл өкмөтүнүн алдындагы “Сумбула кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын” жетекчиси У.Жээнмуратовго тапшырылсын.
Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы: Кенжебаев К.